Сизди инспектор токтотту.
Айта кетүүчү нерсе, эрежеге ылайык Кыргызстанда айдоочу автоунаадан чыгууга милдеттүү эмес. Ал айдоочунун өз эрки.(№287-буйрук) 158-пункт.
Төмөнкү учурларда ПМБнын кызматкери айдоочудан транспорт каражатынан чыгууну (андан түшүүнү) талап кыла алат:
- транспорт каражатынын техникалык бузулууларын же жүктөрдү ташуу эрежелеринин бузулууларын жоюу үчүн;
- айдоочуну мас абалында жана (же) оорулуу (чарчаган) абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздер болгондо;
- транспорт каражатынын агрегаттарынын жана бирдиктеринин номерлерин каттоо документтериндеги жазуулар менен (айдоочунун катышуусунда) салыштыруу үчүн;
- транспорт каражатын жана жүктү текшерүү үчүн;
- айдоочу же жүргүнчү кылмышка, жосунсуз жорукка же тартип бузууга шектелгенде;
- сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууга анын катышуусу, ошондой эле жол кыймылынын башка катышуучуларына же ИИОнун кызматкерлерине көмөк көрсөтүү зарыл болгондо;
- айдоочунун жүрүм-туруму ПМБнын кызматкерлеринин же ИИОнун башка кызматкерлеринин жеке коопсуздугуна коркунуч келтиргенде;
Башка учурларда айдоочу өз унаасынын салонунда калууга укуктуу.
Перевод статьи выполнен "Alfa Translation"
г.Бишкек, ул.Калыка Акиева 66